Соцтармактарда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жаңы жылды чет өлкөлөрдүн биринде майрамдап жүргөнү тууралуу маалыматтар жарыяланган. Ошол эле маалда Камчыбек Ташиев түштүк жергесинде иш сапары менен жүргөнү маалым болду. Сузак районунун администрациясына президенттин тапшырмасы менен техникаларды тапшыргандан кийин УКМК төрагасы журналисттин суроосуна жооп берген. 

"Биз жумушту 1-январда эле баштаганбыз. УКМКнын Оштогу бөлүмүндөгү жана  Жалал-Абаддагы бөлүмүндөгү "Альфа" кызматкерлери менен жолугуп, жаңы тапшырмаларды бердик. Андан ары Сузакка президенттин тапшырмасы менен техникаларды тапшырдык. Мындан ары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын куруп жаткан үйлөрүн президенттин тапшырмасы менен барып карап, курулуш иштери, ыргагы менен таанышабыз. Бизде жумуш токтобойт, майрам деген болбойт", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ал эч убакта чет өлкөлөргө эс алуу үчүн чыкпаганын кошумчалады. 

"Соцтармактарда жалган маалыматтар көп таркатыла берет. Ага эл ишенбеши керек. Мен азыр 2-январда Сузак РИИБинин алдында турам. Мен өзү чет өлкөгө чыгып эс алган адам эмесмин, албетте, иш сапары, анча - мынча ден соолукка байланыштуу чыгып турам. Кудай ден соолук берсе, мамлекет үчүн кызмат кыла беребиз", - деди УКМК төрагасы.