Жаңы жылдык майрамдан кийин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылганын мэрия билдирди. 

Анда тазалык жана тартипти "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 6 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашканы айтылат.

"Өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда, кишинин саны 15 миңдин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан.

Аз таштанды чыгарылып жатканы Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданиятынын жогорулаганынан кабар берет. Бишкектин тургундары коомдук жайларда өз шаарына кылдат мамиле жасап, тазалыкты көрсөтө башташты", - деп айтылат маалыматта.

"Тазалык" ишканасы тазалыкты сактоого салымын кошкон, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн шаар тургундарына жана конокторуна ыраазычылык билдирет.