- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манас” фильмин Голливуд, Турция, Франция кино компаниялары менен биргелешип тартуу боюнча иш жүргүзүп атканыңыздан коомчулук кабардар. Жакында соцтармакка эл аралык кино компаниялардын ондогон продюсерлери менен сүрөттөрдү жарыяладыңыз. Алар кимдер?

- “Рим империясы”, “Иисус Христос”, “Лос Анжелес: мыйзым жана тартип”, “Сыйкырлуу Дисней” баш болгон ондогон дүйнөгө белгилүү тасмалардын режиссёру америкалык кино продюсер Роджер Янг, “Эртугрул”, “Осман” сералдарынын продюсери Мехмет Боздаг, Түрк дүйнөсү эл аралык фондунун президенти Эрдоган Эрдогду, Франция дистрибьютерлери, продюсерлери... Он чакты гана кино ишмердин сүрөттөрүн жарыяладым. Бир жылдан бери жыйырмага жакын эл аралык кино ишмерлер жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Айрымдарын жарыяламак турсун атаган да жокмун.

- Эмнеге?

- Ким менен жолукканымды жарыяласам оппоненттерим алардын электрондук почталарына тескери пикирлерди жазышат экен.

- Эмне деп?

- “Манасты” тартпаш керек, ал ыйык деген сымал.

- Ооба, бизде Манас ыйык күч, аны тасмага айлантпаш керек деген пикир бар го.

- Менимче, “Манасты”, улуу эпос аркылуу кыргызды ааламга  даңазалоого каршы күчтөрдүн айла-амалдары. Болбосо “Манастын” кино сымал видоосу интернетте көп жылдардан бери эле турат - “Айкөл Манас” пьесасы. Биз “Семетейди” тартаарда да ушинтишкен. “Улуу күчтөр жазалайт” деп коркутушуп. Кудайга шүгүр, “Манастын уулу Семетей” пьесасы интернетте турат, эл көрүп атат, эми тасма да тартылып, эл аралык аудиторияга даярдалып атат.

- “Манастын уулу Семетей” тасмасы анда эл аралык коомчулукка тартууланат экен да?

- Ооба. Анын үстүнө “Манастын уулу Семетей” аркылуу Голливуд, Франция, Турция, Кытай киночуларына кыргыз элибиз, жерибиз, маданиятыбыз тууралуу кеңири маалым берип, “Манастын” сценарийин  англис, кытай, түрк тилдеринде сунуштап, улуу “Манас” чыгармабызга жол ачылды.

- “Темиров лайв” “Манастын уулу Семетей” Кытайды даңазалайт” деп жар салууда. Буга эмне жоооп айтмакчысыз?

- Тасманы көрүшсүн, Кытайды кантип даңазалаптырбыз? Эч кандай андай элемент жок. Болгону тасма тартылаарда Кытайдын эл аралык “Бир алкак – бир жол” уюму өнөктөш болушу каралган. Бирок, аларсыз эле өзүбуз тартканбыз.

- “Манасты” Голливуд тартмак болуп, дүйнөлүк кино жылдыздар катышаары чуу болууда. Манастын ролун кыргыз актёру аткарбайбы?

- Бул голливуддук вариант, версия. Дүйнөлүк кино жылдыздардын катышуусунда “Троя”, “Клеопатра”, “Гладиатор” сымал ааламдык популярдуу тасма жаратуу аракетиндебиз. “Манас”, Кыргыз дүйнөгө даңазаланса деген тилек. Манас бабабызды буйруса, кыргыздар аткарган вариант тасмалар да тартылаар. “Чыңгызханды” ар өлкө 19 вариант кино кылып тартышканын эстейли.

- Кайсы дүйнөлүк кино жылдыздар чакырылмакчы?

- Брэд Питт, Арнольд Шварценеггер, Жерар Депардье, Батдоржийн  Баасанджав (“Чынгызхан”), Кэри Тагава, Энгин Алтан (“Эртугрул”), Бурак Өзчивит... 

- Кыргыз актёрлору катышабы?

- Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын популярдуу актёрлору менен актрисалары да чакырылат. Мисалы, Көкчө жана анын айланасындагыларды казак, Темирканды жана анын жамаатын өзбек кино жылдыздары, Сыргак, Чубак, Кыргыл, Ырамандын ырчы уул өңдүү ондогон каармандарды кыргыз актёрлору аткармакчы.

- “Манас” кытай менен калмакты кыргызга касташтырбайбы?

- 1995-жылы БУУ “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилесе, Кыргыз өкмөтү 1960-жылдарда эпостун 1100 жылдыгын белгилөөгө аракеттенген экен. Демек, эпос миң жылдан мурда жаралган. Анда Кытай азыркыдай чоң мамлекет эмес, чачкын, ар улуттар бөлүнүп жашаган өлкө болуптур. Манас бабабыз кара кытай – кидандар, кангайлар менен айкашканын тарыхчылар далилдеп келатышат. Ал эми калмактар эмес, ал кезде алардын бабалары жунгарлар да жок экен.

- Эң башкы маселе - канча каражат жумшалмакчы, аны кимдер чыгарышмакчы? Тасма канча убакытта тартылат?  

- Тасманы толук Голливуд жана эл аралык ири корпорация каржыламакчы. 50 миллиондон 100 миллион долларга чейинки каржат жумшалышы каралып атат. Болжолу тасмага даярдык, тартуу, жасоо иштери эки жылга созулмакчы.

- Көп мезгилден бери бир катар өлкөлөрдүн киночулары менен кызматташып келаткан ишмердүүлүгүңүз бааланып,  Америка, Франция, Германия, Россия, Турция маданият кызматкерлери уюштурган эл аралык академиянын академиги даражасына жетишкениңиз менен куттуктайбыз!

- Рахмат!