Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспеков ооруканага которулду.
Бул маалыматты "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан ырастады. Маалыматка караганда, Аспеков учурда "дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы "Бикард" медициналык клиникасында текшерүүдөн жана дарылоодон өтүп жатат". Анын качан ооруканага которулганы айтылган жок.
ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан Аспеков сентябрдын аягында кармалган.
Бишкектеги Биринчи май райондук сотту аны эки айга камоо чечимин чыгарып, кийин бул мөөнөт 27-январга чейин узартылган.