Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул КР УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте  тергөөнүн жүрүшүндө ишке ашырганын аталган кызмат билдирди. 

Маалыматка караганда 26-декабрда Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө телефон аркылуу сүйлөшүү жолу менен Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү адамдарды тейлөө интимдик (сауна) аныкталды.

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана атайын тергөө аракеттери жүрүшүндө, фото жана видео жазуусу менен, Токмок ш., Верхне-Луговая көч. 251 үйүндө интимдик кызмат көрсөтүүчү жай аныкталган. 

Иш-чаранын жыйынтыгында «Т.М.С.» аттуу интимдик сойкукананын ээси жана интимдик кызмат көрсөткөн «С.К.А.», «Ж.к.Б. »Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул багытта тиешелүү иш-чаралар уланууда.