26-декабрда УКМК тарабынан Чүй облусунун бардык аймактарындагы ломбарддардын ишмердүүлүгү текшерилди. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 40тан ашык ломбарддын тиешелүү лицензиялык-уруксат берүүчү документтери, күрөөгө коюлган талаптары жана акча каражаттарынын алынышынын мыйзамдуулугу текшерилген.

Ошону менен бирге, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча бардык айыптык санкцияларды эске алуу менен пайыздык чендерди минималдуу деңгээлге чейин төмөндөтүү жана 20 пайыздан ашырбоо боюнча милдеттенмелер берилди.

Учурда УКМК өлкөнүн мыйзамдарын бузган күрөөканаларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.