УКМК билдиргендей, 208-берененин 3-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын аймагында 1 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Талас районунун Бекмолдо районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды.
Ушул жылдын декабрынын башында Ч.Т.Ж. ар кандай коркутуулар менен, Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 млн сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6 пайыз өлчөмүндө компенсация катары бересин деп жеке ишкананын директорунан 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кыла баштаган.
Болбосо, жогоруда аты аталган депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган.
Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.