Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов окуучуларга мектеп тарабынан берилүүчү тамак-ашка 14 сомдон белгиленгенине каршы чыкты.

Ал буга чейин окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылууга 20 сомдон бөлүү депутаттар тарабынан каралып, сунушталып, бекитилгенин белгиледи. Бирок ага карабай Билим берүү жана илим министрлиги ал сумманы 14 сомго түшүргөн. Белгилей кетсек, учурда ар бир балага мектептен бир маал берилүүчү тамак-ашка 11 сомдон бөлүнүп келет.

“Биз мындай кооз баяндаманы көп жолу угуп жатабыз. Ар бир жолу карайбыз, карайбыз, бир гана карайбыз. Быйыл жаңы окуу жылынан тартып тамак-ашка болгон каражатты көбөйтүүнү айткансыздар. Бирок ал январга жылдырылды, эми январда кайра күзгө жылдырып салышыңар мүмкүн. Биз 20 сомдон болушу керек дегенбиз, сиздер 14 сомго түшүрүптүрсүздөр. Бул акча балдардын организмине керектүү витаминдүү азыктар менен камсыздоого жетеби? Бир гана тамак-ашты албай, аны даярдоодогу санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына да көңүл буралы, аны камсыздоого ошол 14 сом акча жетеби?” – деди Айбек Маткеримов билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиевге кайрылып.