Бүгүн, 2023-жылдын 25-декабрында  КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант  Камчыбек Ташиев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С Жумагазиев, Чүй облусунун Москва районунун акими Н.Э. Козуев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты. 
Жаңы имарат бардык заманбап  талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган.

Белгилей кетсек, ушуну менен тийиштүү кызматтын Чүй облусу боюнча бардык бөлүмдөрү жаңыланып бүттү. 
КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.