2023-жылдын 23-декабрында  Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлиги жаңы жылга карата Финансы министрлигинин жана ведомствого караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин арасында футбол жана айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрдү.

Министрликтин борбордук аппаратынан жана ведомстволук бөлүмдөрүнөн жалпысынан 10 команда катышышты.

Кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча мелдешке 2 команда катышып, таймаштын жыйынтыгында “Изумуруд” командасы жеңишке жетип 1-орунду  ээледи, 2- орунга “ ЦА МФКР ” командасы татыды.

«Турнирдин мыкты оюнчусу» номинациясына-Ногойбаева Айсулуу Асанбековна сыйланды.

Футбол боюнча мелдешке жалпысынан 8 команда катышып, алардын арасында:«ФКФ-Жаштык»,«Инфосистемс»,«Нур-Финанс»,«Отреслевик», «Мыйзам»,«Инженеры»,«ДГЗ»,«Ак-Шумкар»,«Алтын Казына»,«Дипломаты УМС» командалары таймашышты.

Топтук оюндардын жыйынтыгы боюнча финалга «ФКФ-Жаштык»  жана «Нур-Финанс» командалары чыкты. Финалдык беттеште 4:2 эсебинде «ФКФ-Жаштык” командасы жеңишке жетип, экинчи орунду «Нур-Финанс» командасы ээледи. 3-орун үчүн болгон күрөштө «Инфосистемс» жана «Ак-Шумкар»  командалары беттешип, 3:1  эсебинде «Инфосистемс» командасы жеңишке жетти.

Мындан тышкары, «Турнирдин мыкты оюнчусу» номинациясына - Руслан Сатылганович Татиков,

«Турнирдин мыкты коргоочусу» номинациясына -Сүйналиев Руслан Мырзабекович,

«Турнирдин эң мыкты голу» номинациясына Ахматов Тахир Сүйдүнбекович,

«Турнирдин бомбардири» номинациясына -Алиев Тилек,

“Турнирдин мыкты дарбазачысы” номинациясына- Курманбеков Алмаз Улукбекович сыйланды. Мындай иш-чаралар команданын ишин чыңдоо жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу  максатында уюштурулууда.