Маркум криминалдык авторитет К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Бул УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган, ошондой эле бир катар буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында аныкталды. 
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан, көрүстөндүн аймагындагы жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган.
Табылган баштыкты текшерүү учурунда, ар кандай ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары менен жана жардыргыч заттар табылып алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.
Учурда КР УКМК тарабынан аталган курал-жарак кампасына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган келишимдик жана бети ачылбаган адам өлтүрүүлөрдө пайдалануу болгондугу боюнча керектүү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.