Түрк мамлекеттеринин маданий кызматташтык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы директору Султан Раев менен маек

- Сиз сөзүңүздүн башында уюмдун Кыргызстандагы жылын, 2024-жылды - улуу акын Барпынын жылы катары жарыялоо чечими кабыл алынгандыгын айтып өттүңүз. Эми бул маселени жалгыз сиз чечпейсиз да, мүчө мамлекеттер да колдош керек эмеспи, алар Барпы акын тууралуу билишет бекен? Барпы акындын жылын жарыялоо зарылчылдыгын кантип чечмелеп бердиңиз?

- Абдан туура, сонун суроо болду. Мисалы, башка өлкөлөр Низамини, Навоини киргизет, аларды баары билишет. Барпы Алыкуловду Кыргызстанда жакшы билебиз, ал эми кошуналарыбыз, түрк дүйнөсү биле бербейт. Бул Барпы акындын күнөөсү эмес, анын чыгармалары башка элге жайылтууга татыктуу. Бул биздин күнөөбүз. Ошондуктан биз анын мурасын жеткирели, жайылталы деп жатабыз. Барпы акынга арналган симпозиум, илимий-практикалык конференциялар Анкара университетинде, Азербейжан, Түркмөнстан, Өзбекстанда да болот. Барпы жөнүндө түрк дүйнөсү сүйлөй баштайт. Кыргызстанда чоң иш чараларды өткөрүү керек. Сузакта төрөлүп-өскөн эмеспи, ошол жакта чоң иш-чара уюштуруп, эл аралык айтыш өткөрөбүз. Барпы акындын ыр айтуу жаатында өзгөчө стили бар да, ошондой ыр айткандардын сынагын өткөрүп, аны жанданталы деп жатабыз. Барпы ашыктыктын, сүйүүнүн гимнин жазган. 140 жылдыгына байланыштуу ашыктык ырлардын сынагын жарыялайбыз. Барпыдай сүйүү жөнүндө эч ким ырдай алган эмес да. Анан үй-музейин бүткөрөлү деген план бар. Айтор, иш чаралар көп.

 

Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: "Майдан.kg" гезити