2023-жылдын 18-декабрында Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын бир катар кызмат адамдары жана Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, алар акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак-жай курууга жер участокторун мамлекеттик менчиктен жеке колго өткөрүү боюнча коррупциялык схемага катышкан.
Тактап айтканда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Т.М.М. Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери Т.У. жана А.С.К., Үч-Коргон айыл аймагынын жооптуу катчысы А.Х.К. жана аталган айыл аймагынын башчысынын айдоочусу Ш.Х.А. менен кылмыштуу келишимге барышып, айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, жер тилкелерин мамлекеттин менчигинен чыгаруу боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүп, жеке адамдарга турак-жай куруу үчүн тиешелүү укук жана уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз даярдашкан.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган кызмат адамдары жана алардын шериктери жеке кызыкчылыгын көздөп, “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө” токтом чыгарып, Кадамжай районунун Үч-Коргон а/а Боз айылындагы жалпы аянты 5,45 га жер тилкесин трансформация кылбастан турак-жай курулушунун Башкы планын бекитишкен, анда 9дан 15 сотыхка чейин 48 тилкеге бөлүп, жеке турак жай курууга тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдап, алардын баасын 9 миңден 15 миң АКШ долларына чейин белгилешкен.
Ошону менен бирге, кармалгандарга карата Баткен райондук сотунун чечими менен Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды:
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон а/а башчысы Т.М.М.;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон а/а жооптуу катчысы А.Х.К.;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон а/а башчысынын айдоочусу Ш.Х.А.;
- Баткен облусунун Кадамжай районунун башкы архитекторунун орун басары А.С.К.
Учурда иштин чоо-жайын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын УКМКсы жогорудагы Т.М.М., А.Х.К., А.С.К. жана Ш.Х.И.нын аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына 0553704441 телефон номерине же КР УКМКнын Баткен облусу боюнча нөөмөт кызматына (03622)-5-00-33 аркылуу кайрылууга чакырат.