Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, “Токмок шаарынын кароочусу” деп катталган К.Э.Ж.ни кармалды. Ал жеке ишкерден 5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алган.
К.Э.Ж. физикалык басым жасоо жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде (б.а. отметка) акча талап кылып алып турганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Э.Ж. 1 миң АКШ долларын талап кылып алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарды жана ишкерлерди К.Э.Ж.нын пара талап кылган башка фактылары боюнча УКМКга кайрылууга чакырат.
- Категория: Коом
- Просмотров: 399
Видео - Көлбаевдин УКТсынын активдүү мүчөсү, Токмок шаарын кароочусу кармалды