Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев туунун өзгөрүшү боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Кыргызстандын башкы артыкчылыгы сөз эркиндиги. Андыктан, тууга байланыштуу жаралган талкууда түрдүү пикирлер айтылып, сындагандар да, колдогондор да болду. Баарыбыздын максатыбыз мамлекетибизди өнүктүрүп, гүлдөгөн өлкөгө айлантуу болгондуктан, ар бир айтылган пикирдин артында эл-жерин сүйгөн мекендешибиз турарына терең ишенем. Ошондой эле мамлекеттик тууга байланышкан мыйзам долбоорун колдогон эл өкүлдөрүнүн да башкы максаты Кыргызстанды өнүктүрүү экенин белгилейм", - деди Шакиев.