Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Алсак, аталган сунуш Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртууга багытталган. Тагыраагы, туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүү сунушталууда.