Экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаровго "Ташиев бийликти талашып жатканы" тууралуу суроо берилди. Ага мамлекет башчы мындай жооп берди:
"Ташиев менен чабыштыргысы келгендер көп болду. Тийиштүү кызматтар жаздырып алган экен бир аксакалдын бир жерде отургандары сүйлөшкөндөрүн. Ал аксакал отуруп алып жанындагы адамдарга тапшырма берип, уюштуруп жатат: “Сен барып Садырдын агасына айт, ал агасын гана угат экен, Камчыбек Ташиев бийликти басып алганы жатат дегин. А сен аялы менен жакшы экенсиң, аялына барып айт. Сен болсо баласына айт. А Ташиевди мага койгула. Мен аны бат эле көндүрөм. Экөө чабышсын. Экөөн уруштурсак, бийликти тез эле кулатабыз”, - деп. Ал запись азыр да менин колумда турат, чыгарып жиберсек болмок, бирок аксакал кишинин абийир төккүм келбеди.
Чабыштыра тургандар көп, бирок биз ага барбадык. Мен баарын көрүп турам. Ташиев бийликти талашкыдай, бийликте мен отурамбы же албы – экөөбүзгө тең айырмасы жок. Анткени экөөбүз тең мекен деген адамдарбыз".