Экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаровго делегаттардын бири мектептерде акча чогултуулар дагы да уланып жатканын жеткирди. 

Президент билим берүү министрине бул билдирүүнү тез арада көзөмөлгө алууну тапшырды. Ал жарлыгы менен мектептердеги акча чогултууларды токтотконун жана ал кыйшаюусуз аткарылышы керектигин белгиледи. 

"Мен эмнеге мектептерде акча чогултууну токтоттум? Анткени, ал элди бай-кедейге бөлүп коет экен. Ошондой эле бир үй-бүлөдө төрт-беш бала окуса, алардын баарына тең мектеп акча алып келген. Акчаны алып келип бербесе, бала да классташтарынын жанында өзүн ыңгайсыз сезет экен. Эсептетсем, бюджеттен 1,5 млрд сом кетет экен, ошону бөлгүлө, акча чогултууну токтоткула дегем. Акча чогултуу - саналуу ата-энелердин жана мугалимдердин кызыкчылыгы. Өкмөт жыл башынан кечиктирбей акча бөлүп, бир дагы маселе жаралбашы керек. Ремонт, чака, бор - баарына акча бөлүнөт. Акча чогултуп жаткандарды билсем, катуу чара көрөм", - деди өлкө башчы. 

Ал эми директорлор мектептерге көчөдөн үй-жайсыз адамдарды алып келип пол жуудуруп жаткан билдирүүгө мындайча жооп берди: 

"Мурда сабактан кийин бир бала, бир кыздан калып, классты өзүбүз эле жуучу эмес белек. Кенже класстардын классын гана атайын адамдар жуучу. Өнүккөн Японияда пол жуугуч деген жок, окуучулар өздөрү мектепти тазалашат. Бизде да ошондой кылсак кандай болот? Же ата-энелер дагы ыйлап чыгабы, "баламды пол жуудуруп койду" деп". 

Бул маселени президент билим берүү министринин карамагына берди.