Экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров мугалим-окуучу маселени токтолду. 

Ал мугалимдин окуучуга катуу талап койгонун, айрым ата-энелер туура эмес кабыл алып жатканын белгиледи. 

"Биздин убакта мугалимдерибиз башыбызды сызгыч менен эле томуйта чапчу. Жөнөкөй да сызгыч эмес, үч бурчтуу калың сызгычтар болоор эле. Мугалимдер жөн эле чапчу эмес, тентек кыласың, жинине тиесиң, анан чыдабай чабат. Бор менен маңдайга чапчу. Үйгө айтып барсак, "чала болот, тентектик кылдың да", - дешчү эле ата-энебиз. Эч нерсе болгон жокпуз, жакшы тарбия алып чыктык. Ошондуктан, мугалимдердин катуу талабын ата-эне көтөрүп кое бериши керек. Мугалим дагы ушул бала жакшы окусун, билимдүү болсун, адам болсун деп жатат да. Кээде окуучулар дагы ашык чаап кетүүдө", - деди өлкө башчы.