Бишкекте Курултайдын делегаттары менен жолугушуу өтүп жатат. Ар кайсы райондордон жана облустардан келген делегаттардан түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча  финансы министри Алмаз Бакетаев тиешелүү башкармалыктарга жана ведомстволук бөлүмдөргө тиешелүү тапшырмаларды берип жаткан учуру. 
Курултайга министрдин биринчи орун басары Р.Суйналиев, орун басары-Борбордук казыналыктын директору У.Аманбаев да катышууда.Бюджеттик кредиттердин аткарылышы боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун төрагасы Э.Б.Доолбеков, ошондой эле министрликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин компетенциясына кирген кайрылуулар боюнча Курултайдын делегаттарына кеңеш менен багыт берүүчү жардам көрсөтүүдө. Учурда КР Финансы министрлигине тиешелүү маселелер боюнча 100дөн ашык кайрылуулар келип түштү. Делегаттар менен жолугушуу уланууда.