Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана анын эки кызматкери акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 12-декабрда КР УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары У.А.К., кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери М.С.Б. жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери У.К.Н. акча каражаттарын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бул кызматкерлери атайын даярдалган кыздар аркылуу, зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, андан кийин жоопкерчиликке тартабыз деп коркутуу менен Түп районунун тургундарынан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сому Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында кыздарга берилип, калган 80 миң сомун эртеси күнү алуу пландалган. Калган сумманы ала албай калып, милиция кызматкерлери Түп районунун тургундарына кысым көрсөтүү максатында зордуктоо аракети боюнча атайылап жалган арыз катташкан.
Жабырлануучулардын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде, 2023-жылдын 12-декабрында КР УКМК тарабынан Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармалган.
Каракол шаардык сотунун чечими менен кармалгандар тергөө аяктаганга чейин №23 тергөө абагына 15-декабрда киргизилди.
КР УКМК жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Ысык-Көл облусунун тургундарын КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууга чакырат.
- Категория: Коом
- Просмотров: 166
УКМК: Түп ИИБинде орун басар жана эки кызматкер акча талап кылганы үчүн кармалды