Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү улантууда. Анын алкагында Нарын облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин  төмөндөтүү макулдашылды.
Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими Нарын облусундагы төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:
- “Абдырай-Ата” СБКсы (Нарын шаарындагы ун базары), Р.Ашымжановага катталган;
- “Береке” СБКсы (Нарын шаарындагы бут кийим базары), А.Медербековго катталган;
- “Он-Арча” СБКсы (“Мукаш-Ата” ЖЧКсы, Нарын шаары), О.Акбагышевага катталган;
- “Мегакомфорт” СБКсы (Нарын ш.), Ч.Асановага катталган;
- “Эки-Нарын” СБКсы (Нарын), А.Адучуевага катталган;
- “Чойбек-Ата” СБКсы (Нарын), Ж.Диканбаевага катталган; 
- “Чолук-Ата” СБКсы (Нарын ш.), Ж.Тентимишовго катталган;
- “Өсей-Ата” СБКсы (курулуш материалдары, Нарын ш.), Т.Женчороевге катталган;
- “Чолпон” СБКсы (Нарын), К.Нааматовага катталган;
- “Теңир-Тоо” СБКсы (Нарын), Н.Данияровага катталган;
- Жеке ишкер “Бейшенбеков Болот” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору),  Б.Бейшенбековго катталган;
- “Алтын-Ордо” соода борбору (Кочкор районунун борбору), ээси М.Асакеев;
- Жеке ишкер “Ибраев Каныбек” кийим базары (Кочкор районунун борбору), К.Ибраевге катталган; 
- Жеке ишкер “Жанузаков Сагынбек” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), С.Жанузаковдун наамына катталган;
- “Дордой” мал базары (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району), тең негиздөөчүсү Н.Жоломанов;
- “Береке” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), Ж.Айтбаевге катталган;
- “Ак-Жолтой” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), директору Н.Мамажанов;
- Жеке ишкер “Оторбаева Сатынбүбү” (Жумгал районунун Куйручук айылындагы мал базары), директору Б.Турумбеков;
- “Керек-Жарак” СБКсы (Баетов айылы, Ак-Таалы району), ээси Б.Сагындыкова.
-   жана башка.
Ошону менен бирге, Нарын облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат.

Белгилей кетсек, Нарын облусунда 2383 ККМ катталган, патенттин негизинде 894 ишкер ишин улантууда.