Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугун белгиледи. 

"Азыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат. Бул жаатта күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитети өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат. Жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпил жашоосун камсыздап, коркунуч туудурган ар бир көрүнүш менен олуттуу күрөшүүдө. Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы элдешкис күрөш жүргүзүп жатат", - деди Садыр Жапаров.