Бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө аялдарга жана балдарга зомбулук көрүнүштөрү көбөйүп жатканын президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда өкүнүү менен белгиледи.
"Кыргыз элинин каада-салттындагы баалуулуктардын бири балдарга, аялдарга жана карыларга сый-урмат болгон. Мамлекет дагы, коом дагы аялдардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирчү ар кандай көрүнүштү айланып өтүшү керек.
Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулукка эч кандай актоо болгон эмес, болбойт дагы. Биз бул маселени жоюушубуз жана андай көрүнүштөргө чечкиндүү чараларды көрүшүбүз керек,", - деди Жапаров.