Кечээ кыргыз-тажик чек арасындагы талаш аймактардын 90 пайызынан ашууну эки тараптык макулдашууга жетишилгени белгилүү болгон. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара маселеси боюнча жумушчу комиссиясынын кезектеги жолугушуусунан кийин Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов маселенин толук кандуу чечилишине эки-үч жолугушуу гана калганын билдиришкен. 

Бул кабарды кыргызстандыктар, айрыкча Баткен облусунун тургундары кубануу менен кабыл алышты. Баткен тургундары нечен жылдан бери чечилбей, көптөгөн кандуу жаңжалдарга себепчи болуп келген чек ара маселесин чечүүнү колго алган президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдиришти.