"Мыйзамдагы ууру" аталган Рыспек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылындагы мечитке барган учурунда белгисиз адамдар тарабынан атылган болчу. Бул окуя убагында резонанс жараткан, бирок укук коргоо органдары Акматбаевдин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таба алган эмес. Андан бери 17 жыл өттү, ал эми "мыйзамдагы уурунун" өлүмүнө байланышкан кылмыштын бети ачылган эмес.
УКМК бүгүн, 13-декабрда Рыспек Акматбаевдин өлтүргөн адамдар кимдер экени белгилүү болгонун жарыялады.
Андагы маалыматка таянсак, атайын кызмат кылмыштуу чөйрөнүн таасирин бөлүү максатында жасалган буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн сериясына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, көп жыл мурун болгон криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин өлүмүн ачкан.
"2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Р.Акматбаевге куралдуу кол салышкан. Р.Акматбаев башына жана көкүрөгүнө көптөгөн ок тийип алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Ошол учурда укук коргоо органдарынын айтымына ылайык, киши өлтүрүүнү бир кылмышкер жасаган, ал беткап кийип Р.Акматбаевди “Калашников” автоматынан атып, андан соң унаага түшүп, Бишкек шаары багытын көздөй из жашырып кеткен.
Бул фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Киши өлтүрүү” (1997-ж. редакциясы) боюнча кылмыш иши козголгон, ал белгисиз себептер менен ушул убакка чейин резонанстуу кылмыш болуп ачылбай келген", - деп айтылат маалыматта.
Бирок КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.Акматбаевди өлтүрүүнү маркум К.Асанбек, А.Анапияев, Б.Самсалиевдер (“Боха Казарманский”) жана М.Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштуруп, жасагандыгы аныкталды.
Р.Акматбаевди өлтүрүү операциясына аталган адамдардын баары катышышы керек эле, бирок аны өлтүрүү учурунда унаанын рулунда М.Раимбеков, арткы орундугунда кылмышты көзөмөлдөгөн К.Асанбек болгон. Ал эми А.Анапияев менен Б.Самсалиев К.Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул фактылар К.Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт.
Мындан тышкары, учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбектин жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо жана ачууга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу дагы кабарланат.