“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышкан. Кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзгөн.

2023-жылдын 7-декабрына карата аталган Долбоордун алкагында республиканын 7 339 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 300,0 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Бүгүнкү күндө бул долбоор толугу менен өздөштүрүлдү.