Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын коопсуздугун коркунучка кептеп келген маселеге жакын арада чекит коюла турганы белгилүү болду.
Бүгүн Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасы маселеси боюнча эки өлкөнүн атайын эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кезектеги жолу жолугушуп, андан соң кубанычтуу кабарды жарыялашты.
Алардын билдирүүсүнө таянсак, кыргыз-тажик чек арасы 90 пайыз чечилип калды.
«Мамлекеттик чек аранын 90 пайызынан көбүн макулдашууга жетиштик. Алар жакында ачыкталат. Андан соң макулдашыла турган бир нече участоктор калат, аларды дагы жакын арада аягына чыгарабыз. Кайрагач, Максат, Кулунду, Жаңы-Жер, Арка, Арка-1, Арка – 2, Жийделик боюнча жумушчу комиссия толугу менен макулдашып бүттүк. Чек ара маселесин толук кандуу чечүүгө бир нече жолугушуу гана калды», - деди Камчыбек Ташиев.
Саймумин Ятимов дагы эки өлкө ортосундагы жалпы кызыкчылык, жалпы максатка таянып чек ара маселеси чечилгенин, ар бир чечимде эки өлкөнүн коопсуздугу, социалдык-экономикалык өнүгүүсү жатканын белгиледи. «Жумушчу комиссия эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын тапшырмаларын так аткарышты», - деди Ятимов.
Кыргыз-тажик чек ара маселеси Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда жаралып, кесепети жыл өткөн сайын күчөп келген. Акыркы жылдары жыл сайын такталбаган аймактардын айынан эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, ал жоокерлердин, катардагы жарандардын өлүмү менен коштолгон. Бул көйгөй эзелтен болгонуна карабай буга чейинки бийликтер аны чечүүгө чечкиндүү аракеттерди көрүшкөн эмес. Садыр Жапаров өлкө жетекчилигине келгенден кийин чек ара маселесин чечүүнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырып, биргелешкен аракеттердин натыйжасында маселе өлүү чекитинен жылган.