КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР УКМК жана Талас облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан У.Токтосуновдун (кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дж.А.Дж.га карата профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Анын жүрүшүндө Дж.А.Дж. кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартты.
Ошону менен бирге ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактап жана жакшы жаран катары жашай турганын айтты.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө ишеним телефонуна 0312 66 04 75 билдирүүгө чакырат.
Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.