2023-жылдын 1-декабрынан 10-декабрына чейин Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы республика боюнча калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн он күндүгүн өткөрдү. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата «Өз укугуңду бил!» урааны астында өткөрүлдү.

Декаданы өткөрүүнүн негизги максаты калктын укуктук маданиятын жогорулатуу, укуктук аң-сезимин өнүктүрүү жана муктаж жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Аталган Декаданын алкагында жалпы республика боюнча 22480 жаранга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү. Алардын ичинен:

Жынысы боюнча:

Эркектер - 12709;

Аялдар - 9771.

Региондор боюнча:

Бишкек шаары -2212;

Чуй облусу – 1911;

Талас облусу – 560;

Жалал-Абад облусу – 9216;

Баткен облусу – 842;

Ош облусу- 6597;

Ысык-Көл облусу – 683;

Нарын облусу- 459.

Социалдык статусу боюнча:

Аз камсыз болгон жарандар - 2499;

Пенсионерлер - 4652;

Иш менен камсыз болгон адамдар - 6982;

Жумушсуз адамдар - 7265;

Жашы жете электер – 947;

Ден - соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар – 116.

Жарандык статусу боюнча:

КР жараны - 22176;

Чет өлкөлүк жарандар - 293;

Жарандыгы жок адамдар - 11.

Жарандардан келип түшкөн эң актуалдуу суроолордун тизмеги төмөнкүлөр болду:

Документтештирүү боюнча суроолор;

Жер маселеси боюнча суроолор:

Үй - бүлөлүк укуктук маселелер боюнча суроолор;

Социалдык камсыздоо боюнча суроолор;

Менчик укуктары жана мураска байланыштуу суроолор.

Ошондой эле, Декаданын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам 54 адамга (алардын ичинен балдардын кызыкчылыгында – 7) көрсөтүлгөн, анын ичинде:

– эркектер – 11;

– аялдар – 43.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын саны 14 түздү.

Жарандык жана административдик сот өндүрүшү тармактарында квалификациялуу юридикалык жардамдын саны 40 түздү, анын ичинде:

– доогерлер – 40;

– жоопкерлер – 0.

Мындан тышкары, Декаданын алкагында республика боюнча ЮЖКнын кызматчылары тарабынан 7 жогорку окуу жайларда, 1 колледжде жана 4 орто мектептеринде  конок лекциялары, укуктук маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жана  тегерек столдор өткөрүлдү.

Жаштардын укуктук маданиятын жана укуктук аӊ-сезимин өнүктүрүү, укуктук баалуулуктарды калыптандыруу процессине жаш муундарды тартуу максатында  «Өз укугуңду бил!» темасында 6-11 класстардын окуучуларынын жана жогоркуу окуу жайлардын студенттеринин арасында видеоматериалдардын сынагы өткөрүлдү.