Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 27 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 29 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алсак:
Бишкек шаарында – 6;
Ош шаарында – 1;
Ош облусунда – 4;
Чүй облусунда – 7;
Жалал-Абад облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 1;
Талас облусунда – 2;
Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.