Дордойдогу “Алтын-Тоо” базарынын жетекчиси Канат Молдоев соодагерлер ижарага алган орундардын ижара акысын 50 пайызга арзандатууга чечим кабыл алышканын билдирди. 

 "Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан базардагы соодагерлерди колдоо саясатын колдойбуз жана соодагерлерге жакшы шарттарды түзүп беребиз. Ошондой эле ижара акысын 50 пайызга чейин түшүрүп бергенге даярбыз", - деп айтты Молдоев.

Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээлери соодагерлерге жакшы шарт түзүп жана ижара акысын ылдыйлатпаса, базарларды мамлекеттин карамагына алууга өлкө жетекчилигинин саясий эрки жетээрин билдирген.