Өлкөдө кезектеги ызы-чууну жаратууга кызыкдар чагымчыл күчтөр кимдер экени белгилүү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-декабрда атайын кызматтын Аламүдүн районундагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачуу аземинде билдирди.

"Өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылышат. Алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышат. Бирок, соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көпчүлүк базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан, соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок майда соодагерлер аппараттар менен бекер камсыз болууга тийиш. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Элиме айтаарым, мындай чагымчылыкка алдырбаңыздар. Себеби, бул чагымчылар ким экенин биз жакшы билебиз жана аларды мыйзам жүзүндө жакын арада жоопкерчиликке тартабыз!" - деди Ташиев.