Бүгүн, 6-декабрда УКМКнын Аламүдүн районундагы бөлүмүнүн жаңы имараты салтанаттүү түрдө ачылды.
Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Тащиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, Аламүдүн районунун акими Н.Тешебаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.
Жаңы имарат заманбап жабдыктар менен толук жабдылып, улуттун коопсуздугун сактаган кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев башкармалыктын бардык кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги атайын кызматтын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга чара көрүүнү уланта берээрин белгиледи.
Ошондой эле, генерал улуттук коопсуздук органдары мындан ары да Мекендин кызыкчылыгы үчүн иштеп, өлкө жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүн сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын айтты.


