Кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата чоң экранга чыгууда.

Кѳрүүчүлѳр Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган «Шамбала» тасмасын 8-декабрдан тарта Кыргызстандын бардык кинотеатрларынан кѳрѳ алышат. 

Фильмдин сюжети чыгармадагы чоң атанын «Бугу эне» уламышынан жана  «Ак кеме» жөнүндө балакыял жомогунан келип чыккан трагедияны чагылдырат. Аталган тасма – кылмыш жана жаза жѳнүндѳ жамакталган жомок. Кыргыздардын жаратылышка, андагы ар бир бакка, жаныбарга жасалган аяр мамилесин чагылдырып көрсөткөн пантеисттик притча. 

«Шамбала» тасмасы кѳптѳгѳн абройлуу кинофестивалдарга катышкан, ал – 14 «Мыкты тасма», 4 «Мыкты режиссердук иш», 7 «Мыкты оператордук иш», ошондой эле, «Мыкты эркектин ролу», «Мыкты музыка», «Мыкты монтаж» ж.б. кѳптѳгѳн сыйлыктардын ээси.  Тасма бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 53 сыйлыкка татытктуу болгон.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр Артыкпай Сүйүндүков түрк элдеринин кинематографиясын ѳнүктүрүүгѳ жана маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун «Алтын жылдызы» менен сыйланган. Сыйлык 2023-жылдын сентябрь айынын аягында ѳткѳн XV Ташкент кинофестивалынын алкагында тапшырылган.

«Ак кемени» экрандаштыруу идеясы Артыкпай Сүйүндүковду 50 жылдай арбап келген. Ушул узак убакыт ичинде мээнеттин жана чыгармачыл изденүүнүн изги жолу «Шамбала» фильминде жарыкка чыкты.  Мына ошентип, кинотасма 8-декабрда ѳлкѳбүздүн бардык кинотеатрларында чоң экранга чыгат. 

 

Ѳткѳрүлүүчү датасы: 7-декабрь, 2023-ж. саат 15:00

Ѳткѳрүлүүчү жайы: Космопарк, «Демир банк» залы, Б. Юнусалиев кѳч., 40а