УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарындагы №4 үй-бүлөлүк медицина борборунда жооптуу адамдар тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды.
№4 үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Н.Ж.А. медициналык жардам сурап кайрылган жарандардан акча чогултуу жана талап кылуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталды. Ошондой эле, Н.Ж.А. тиешелүү медициналык кызматтарды алуу учурунда жана ар кандай справкаларды берүү учурунда жасалма тоскоолдуктарды жаратып, бейтаптардан опузалап акча талап кылып келген.
КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде аталган кызмат адамына КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш ишин жасагандыгы боюнча айып тагылды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.