Президент бүгүн "Дордой" базарындагы соодагерлер менен жолугушуп, алардын ККМге карата нааразычылыгын укту.
"30 жылдан бери революция жасап келгендерди эми сиздерди колдонуп жатышат. Мен сиздерди күнөөлөбөйм", - деди президент соодагерлерге.
Ошондой эле жаңычылдыкты киргизүүгө салыкчылар даяр эместигин белгиледи.
"Мен эл менен өкмөттүн ортомчусумун. Мен силер тарапта да, өкмөт тарапта да эмесмин, мен мыйзам жана тартип тарабындамын. Бул маселени эки күн иликтедим. Анан учурдагы эрежени июлга чейин калтырууну айттым. Мурдагыдай иштей бергиле", - деди Жапаров.
Президент патент системасына салыкчылар да кызыкдар экенин, анткени андан алардын капчыгына акча түшүп тураарын айтты.
"Андай нерсе болбойт, эртеби-кечпи тартипке келтиребиз. Системаны тазалап баштадык. Маселени 100 пайыз чечтик дебейм, 89-90 пайыз тазалап калдык", - деди ал.
29-ноябрдан бери өлкөдөгү базарлардын соодагерлери митингге чыгышып, ККМди милдеттүү киргизүүнү жокко чыгарып, патент системасын калтырууну талап кылышууда. Белгилей кетсек, ККМ милдеттүү түрдө киргизилсе, соодагерлер кирешесине жараша салык төлөп калышат.