Араванда жеке ишкердин үйүнө куралданган формачан адамдар кирип тоноп кетишкен. Алар өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп аташып, атайын операция жүрүп жатканын айтышкан. Жеке ишкер акча алмаштыруучу жай иштетишкендиктен, формачан адамдарга каршылык көрсөтө алышкан эмес.
"Бизге Ташиевден, Бишкектен ушундай тапшырма келдик. Акча алмаштыруу жайларын иштеткендердин баарынын үйүн тинтип жатабыз",- дешти. Кыймылдабай отургула дешти", - деген жабырлануучулар. Жыйынтыгында, накталай акча жана алты кол телефонду алып кетишкен.
Жабырлануучулар келген адамдардын документтерин сурашканда, көрсөтө алышкан эмес. Бирок курал такап коркутушкан.
Шектүүлөр окуядан кийин эки күндөн соң Бишкектен кармалышкан.