Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, менчик ээлеринин, соода кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү менен жооптуу мамлекеттик органдардын жыйыны өттү.
Акылбек Жапаров маалымат ишинин жетишсиздигинен кабыл алган салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын айтып, чекене соодагерлердин басымдуу көпчүлүгү үчүн мамлекет жетекчилигинин чечими менен патент гана жокко чыгарылбастан, башка бир катар жеңилдиктер каралганын билдирди. Анткени, чакан азык-түлүк дүкөндөрүн иштеткен, базарларда майда соода менен алектенген үй бүлөөлөр ар кандай салык төлөөдөн толугу менен бошотулган, анткени алардын товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпейт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен пайдаланып, соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатканын, бирок элдин абсолюттук көпчүлүгү мамлекетти чыңдоо жана тартипти орнотуу саясатын колдойрун да белгиледи. Ошондой эле, соодагерлерди ашыкча түйшүктөн арылтуу үчүн эки жуманын ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Булак: "Эркин-Тоо" гезити