Дүйнө эли алдыга карап баратса, бизде салык төлөбөйбүз деген тема актуалдуу. Салыктан качып, эптеп чогулганын коррупционерлер тоноп, уурдап 30 жыл жашап көрдүк. Карапайым эл жакырланып, мектептер курулбай, мугалимдер жумушун таштап башка өлкөгө иш издеп кетишти.
Салыктан уурдаган бир ууч чиновниктер гана байыбаса, мамлекет жыргап кеткен жок. Мына, акыркы эки жылда бийлик тартип орнотуп, мыйзам менен жашаганды үйрөтүп жатат. Салыктар, бажы кирешелери дагы 3-4 эсе көп чогулуп калды. Кыска убакытта натыйжалар сезилип калды.
Эң ардактуу кесип – айлык маянанын аздыгынан кадырланбай калган. Ага байланыштуу жогорку окуу жайларына мугалимдик кесипти алгандардын кызыгуусу төмөндөп кеткен. 2022-жылдан тарта мамлекет мугалимдердин айлыгын жогорулатты. Ал тургай, эл арасында “мугалим кызга үйлөнөм” деген тамаша чын аралаш сөз тарады. Өткөн жылы Бишкек шаарында эле 5 ай ичинде 15 заманбап мектеп курулду. Быйыл республика боюнча 204 мектептин курулушу жүрүп жатат, жаңы окуу жылына 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакчанын курулушу бүтүп колдонууга берилди. Жыл соңуна чейин 100 мектептин имаратынын курулушу бүткөрүлөт. Бул билимге болгон камкордук!
Чынара Мамажакыпова, жарандык активист