Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирген.
Маалыматка караганда, жер титирөө 2-декабрда болжол менен саат 17:03тө катталган жана күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Кажы-Сайдан 55 чакырым түштүк чыгышты, Каракол шаарынан 105 чакырым түштүк батышты карай жайгашкан.
Жердин силкинүүсү калкуу конуштарда сезилген эмес.