Кыргызстандын транспорттук комплекси бүгүнкү күнү өнүгүү этабында. Стратегиялык маанидеги да, жергиликтүү масштабдагы да жолдор салынып жатат.
Бүгүн, 2-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, облустук жана райондук деңгээлдеги жетекчилер 2 чакырымдан ашуун жолду куруу иштери аяктаган Көк-Жаңгак шаарында болушту.
Камчыбек Ташиев: "Бул анчалык деле масштабдуу көлөмдөгү жол эмес. Бирок жергиликтүү эл менен жолугушууга дагы шылтоо болуп берди. Ар бир шаардын өзүнүн көйгөйлөр бар. Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмаларынын бири - карапайым калктын жашоо-шартын жактыршуу болуп жатат. Анын негизинде мектептер, социалдык маанидеги имараттар, жолдор курулууда", - деди.
Эске салсак, салынып бүткөн жолдун бул бөлүгү Чубак ажы деген ысымды алып жүрөт. Бул жаңыланган жол аркылуу эми жергиликтүү балдар мектептерге жана башка билим берүү мекемелерине каттай алышат.