Акыркы эки жылда экономикабыз бутуна туруп, мамлекеттин абалы жакшырып келе жатат. Алардын негизги себеби - Кумтөр мамлекетке өтүп, киреше көбөйү. Бажы тармагында мурда миллиарддаган акчалар уурдалып, жеке адамдарга кетип жүрсө, азыр санариптештирилип, катуу көзөмөлгө алынып кирешелер 3 эсе көбөйдү.
Салыктын кирешеси деле казынага чогулбай, анын дээрлик көп бөлүгү талап-тонолгон. Анын бир мисалы, 2010-жылдары жылына болгону 10 миллиардын айланасында гана чогултушкан, калганы сол чөнтөккө кетчү. 2021-жылга чейинки көрсөткүчтөр адам ыйлагыдай эле абалда.
Акыркы эки жылда салыктын эч кандай жаңы түрүн киргизбей, ставкаларын көтөрбөй эле таза иштеп, бирок кирешени кескин жогорулатты.
Мына ушундай натыйжалар менен мамлекетте жакшы жумуштар жасалып жатат. Алардын бири жол тармагы:
ЖОЛ КУРУУ ТАРМАГЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
Жол куруу жана оңдоо тармагы дагы мурунку жылдарга салыштырмалуу көрсөткүчтөр өстү. Бул жылы аймактарды байланыштырган трассалар жасалды. Мындан тышкары Нарын, Каракол, Ош, Талас шаарларынын ички жолдорунун көпчүлүк бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлдү. Көп жылдан бери каралбай келген Ноокат жолунун дагы маселеси чечилди. Жол куруу жана оңдоо багытында 669 жаңы техника саты палынды. Анын 265 даанасы Кыргызстанга келип, учурда жол курууга пайдаланып жатат.
Көрүнүктүү иштердин бири Төө-Ашуу тоннелине асфальт төшөлүп, жарыктар коюлду. Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан туташтырылышы аяктап, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда.