Акыркы күндөрү келерки жылдын башталыгында салык жаатында киргизилчү өзгөрүүлөргө алдын ала каршы чыккан соодагерлер митинг өткөрүп башташты. Алардын талабы - ККМ, ЭТТК жана ЭСФны жокко чыгарып, баштагыдай патент менен иштөөгө уруксат алуу. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 1-январынан тартып патент системасы жоюлуп, аны менен иштеген соодагерлер бирдиктүү салык режимине өткөрүлөт. Ал эми бирдиктүү салык режиминде ККМ, ЭТТК, ЭСФ колдонуу зарыл. 

Салык - мамлекеттин бюджетинин негизги кирешеси болуп эсептелинет жана ал каражаттар кайра эле өлкө элинин муктаждыктарын чечүүгө жумшалат. Айлык маянага караган оор жумуштарда иштеп, ошол алган маянасынын кайсы бир пайызын салык катары төлөгөн жумушчулардын катарында базарларда соода кылып, милллиондогон каражаттарды жүгүрткөн ишкерлердин ачык салык төлөөдөн качышы чекилик болуп калат дейт эксперттер. 

"Көнүп калган адаттар арылуу абдан кыйын нерсе. Ал аң-сезимге сиңип калган. Салыкты жашырып жүргөн адам ошентип иштөөгө көнгөн. Негизи Батышта заводдон чыккан товар кардарга жеткиче тийиштүү кызматтарга көрүнүп турат - кимден кимге өттү, ким канча кошту, өкмөт канча салык кошту - ошонун баары товардын баасынан чыгат. Ушинтип иштөөгө көнүү керек", - дейт экономика багытындагы эксперт Уран Садыгалиев. 

Кыргызстандагы салык өлчөмү Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн көрсөткүчтө. Биз суктанган ошол эле Европада салык өлчөмү 50 пайыздын тегерегинде. Дания 55,9 пайыз, Франция 55,4 пайыз, Испания 54 пайыз, Түркия 40 пайыз салык өлчөмүн белгилеген. 

"Буларда чектемей соода кылуу деген жок. Бай өлкөлөрдө салыштырмалуу салык өлчөмдөрү өтө бийик. Бизде 10 пайыздын тегерегинде болуп жаткан салыктар Германияда 35-45 пайыз болуп кетет. Анын негизинде элге ошончолук шарт түзүлөт. Инфраструктуралардын өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Мамлекет күчтүү болушу, курал-жарак алабы, жол салабы же башка социалдык маселелер чечилеби - салык төлөнүшү керек. Салыктын ички мааниси - "көп түкүрсө көл болот" дегенди туюнтат", - деди Садыгалиев.