2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө патент системасы жоюулат. Ага ылайык, буга чейин патент аркылуу соода иштерин жасап келген ишкерлер бирдиктүү салык режимине өтүүгө тийиш. Мындан улам базарларда соода кылган айрым жарандар нааразычылыгын билдирип жатышат. Алар ККМ, ЭТТК (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз) жана ЭСФ (электрондук эсеп-фактура) колдонуудан баш тартышып, мурдагыдай патент системасын калтырууну талап кылышууда. Соодагерлер эмнеге мындай талапты коюп жатышат? Бул суроого КР Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков жооп берди. 

- Негизи патент мыйзам чегинде 8 миллион сомдон ашпашы керек деген тыюу бар болчу, азыр дагы бар. Бирок тилекке каршы, көп ишкерлер "менин товар жүгүртүүм 8 миллион сомдон ашпайт" деп патент алып коюп, иш жүзүндө 50 миллион, 100 миллион оборот менен иштеп жүрүшкөн. Азыр эмнеге нааразычылык жаралып жатат? Салык кызматы катуу, жакшы иштеп, электрондук эсеп- фактура аркылуу кимде кандай акча жүгүртүү болуп жатат - көрүп турат. Кайсы компания бири бирине канча товар сатып жатат - баары көзөмөлдө болуп калды. Ошондуктан, патент менен иштеген, "мен чакан ишкермин" дегендердин чоң көлөмдөгү акча жүгүртүүсү ачыкка чыгып жатат.