Кечээ, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, белгилүү калемгер, улуу агартуучу Жунай Мавляновдун 100 жылдык маарекесине арналган салтанатка катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев жазуучулук менен катар агартуучулук менен да алектенген Жунай Мавляновдун өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин белгилеп: “Мен агай менен бир нече жолу жолугуп, баарлашкам. Баарына бирдей караган бийик адамгерчилиги, көп нерсеге көзү жеткен кеменгерлиги менен айырмаланган мыкты инсан эле”, – деп эскерди.

Ошондой эле калемгердин чыгармачылыгы тууралуу да кеп кылган Төрага: “Алгач акын катары поэзиянын жаңы багытын изденип, керемет ырларды жараткан агайыбыз мекенди, эмгекти, сүйүүнү жана достукту даңазалаган мыкты чыгармаларды жараткан. Кийин аңгеме, повест, романдарды жазып, алардын баары окурмандар сүйүп окуган чыгармаларга айланган. Көпчүлүгү чет тилдерге да которулуп, дүйнөлүк адабияттардын катарында таанылган”, – деди. 

Андан тышкары өмүр жолунда Жунай Мавлянов коомдук-маданий иштерге жигердүү аралашып, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда зор эмгек жумшаганын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Мугалимдер гезитинде башкы редактор да болуп иштеп, агартуу тармагында алгылыктуу жумуштарды алып барган”, – деп кошумчалады. 

Эскерте кетсек, Жунай Мавлянов “Жүрөк”, “Аркыт гүлдөрү”, “Мөл булак”, “Менин күндөлүгүм” өңдүү бир катар эмгектердин автору. Кезинде залкар инсанга СССРдин эл агартуусунун отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамдар ыйгарылган. Муну менен катар Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Кыргыз Республикасынын II даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган.