Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу отчет каралып жатат. Анда депутат Дастан Бекешев мынчалык көп бюджет эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатканын белгиледи. 

"Чынында бизде тарыхта мынча каражат пландалып көргөн эмес. 4 миллиард 200 миллион доллар план коюп жатабыз. Буйруса бул план ишке ашса, сөзсүз акырындык менен өнүгөбүз. Карасаңыздар, Бишкекке канча каражат берилип жатат: автобустарга 4 миллиард 300 миллион. Ушул жылдан баштап 1 миллиард, кийинки жылы 2 миллиард болуп, 2026-жылга чейин 5 миллиардга жеткирүүнү өкмөт өзүнө алып жатат. Бул мугалимдердин айлыктары. Бишкекке ушунча акча бөлүнүп отурса, бардык жол, мектеп, бала бакча ж.б. социалдык маанидеги объектилерди шаар өзү куруп баштайт. Бул өтө жакшы жаңылык. Муну кантип колдобойбуз? Менимче, бул цифралар акыркы эмес, УКМК уюшкан кылмыштуулук менен катуу күрөшүп жатат, буйруса дагы толуктоо болот. Анда башка дагы көптөгөн маселелерди чече алабыз", - деди Бекешев.