Депутат Балбак Түлөбаев агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында Улуттук банктан кечирим суроону талап кылды.
Ал ММКларда жарыяланган Улуттук банктын жообуна укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурадан суранды.
Айтымында, буга чейин ал алтын боюнча суроо бергенде Улуттук банк орой жооп берген. ММКларга Улуттук банктын жообу чыккан, ал жерде ар кандай сөз жазылган.
"ММК орой сөздөрдү чыгарышкан эмес. Кыязы кимдир бирөө бул Жогорку Кеңешке карата туура эмес жооп болуп калаарын айтса керек. "Өзүңө кел" деген сыяктуу сөздөрдү алып салышкан.
Улуттук банктын ээси - мына, биз. Биз төрагасын дайындайбыз. Сиздер мындай жооп менен Конституциянын 78-беренесин бузуп жатасыңар. Мен башпрокурорго кайрылгым келип жатат. Ал билдирүүгө баа бериүү керек. Акыркы учурда баары эле Жогорку Кеңешке акыл үйрөтүп башташты. Биз элдин пикирин айтабыз. Башкы прокуратура бүгүнкү сөздөрүмдү билдирүү катары кабыл алууга тийиш. Улуттук банктын билдирүүсүн мен элге каршы билдирүү деп кабыл алам. Сиздер өзүңөрдүн ордуңарды билип, депутаттарга каршы билдирүү жасабагыла", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле депутат Улуттук банктан кечирим суроону жана мындан ары билдирүүлөрүнө орой сөздөрдү кошпоону талап кылды.