Кыргыз коомунда чын эле аялдарга каршы зомбулук күч алуудабы? Бул суроонун тегерегинде президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков пикирин соцтармактагы баракчасында бөлүштү.

"Учурда, үй -бүлө, аялы менен күйөөсү тууралуу көп талкуу жүрүп жатат. Анда, Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулдук күчөгөнү тууралуу пикирин таңуулагандар дагы байкалууда. Ушул темага улай, талкуу ачууну туура көрдүм. Чын эле биздин коомдо аялдарга зордук-зомбулдук барбы же жокпу деген суроого далилдерди келтиргим келди.

Кыргызстанда:

- Ар бир эркек тапкан акчасын аялына алып келет, акчаны аялдар кармайт, биз кайра аялыбыздан сурайбыз.

- Ар бир мамлекеттик кызматта иштеген эркектин көпчүлүгүнүн айлык маянасы түшкөн картасы аялында.

- Үйдө эркектер башкарат, бирок аялдардын кеңешин угабыз.

- Ар бир ата – уулдарына караганда кызын көп эркелетип, көп көңүл бурат.

- Бейиш эненин таман алдында деп, апаларыбызды өтө бийик коебуз.

- Урушту аялдар баштаса дагы - эркектер күнөөлүү болуп, кечирим сурайбыз.

Демек, кыргыздар аял затын сыйлайт, урматтайт, аздектейт, сүйөт, аяр мамиле кылат.

Тилекке каршы миңден бир, өтө сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар бар. Анда аялы сабалып, кордолгон учурлар катталууда. Мындай окуялар жалпы Кыргызстандагы эркек менен аялдын ортосундагы мамиленин көрсөткүчү жана символу эмес. Ушундай терс көрүнүштөрдү улам кайталап, талкууга алып чыгып, аны жалпы статистика катары таанытуу – кызыктар тараптардын гана саясаты деп белгилегим келет.

Аял затын мурда кандай сыйласак, мындан ары дагы аздектейбиз. Кыргыздар эч качан аялдардын укуктарын чектеген эмес. Ошон үчүн бизде Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан даткалар чыккан, аял сыйлаган коом бар үчүн жакынкы эле тарых - Роза Отунбаева президент болгон", - деп жазды Орунбеков.