Бишкекте 20 жаштагы кыз ымыркайын баштыкка салып, бирөөнүн короосуна таштап кеткен. Ал кармалып милицияга жеткирилгенин Ленин райондук милициясы билдирди. 

 

Маалыматка караганда, 19-ноябрда болжол менен 22:45тер чамасында "102" кызматына Арча-Бешик конушунда Кара-Кужур көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунан баштыкка салынган ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

 

Аталган факт Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

 

Учурда ымыркай ооруканага жеткирилип, анын абалы төрөт үйүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууда. 

 

Эске салсак,  8-ноябрда дагы Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылган. Иликтөө иштердин жүрүшүндө ымыркайдын энеси аныкталып, 21 жаштагы кыз болуп чыккан.